Wir verwenden Cookies, um die Benutzerfreundlichkeit dieser Webseite zu erhöhen (mehr Informationen).

Prof. Dr. Werner Gitt

Мен бей ишке кан тип кире алам?

Die grundlegende Frage, die suchende Menschen sich stellen, wird hier von Prof. Dr. Werner Gitt beantwortet. "Wie findet man den Himmel?" Auf jeden Fall nicht durch eigene Anstrengungen oder Konzepte. "Was aber bringt uns wirklich in den Himmel?" Gott hat die Einladungen für den Himmel schon verteilt wie im Gleichnis des Menschen, der zu einem großen Fest Einladungen verschickte. Doch viele Menschen redeten sich heraus.

Prof. Dr. Gitt ruft dazu auf, nicht so "kurzsichtig" wie diese Leute zu sein. Jesus will uns vor der Hölle erretten und diese wird kein Vergleich zu der sogenannten "Hölle von Auschwitz" sein. Er hat am Kreuz für unsere Schuld bezahlt, wir müssen diese Einladung nur annehmen, dann ist ein Platz im Himmel "gebucht". Ein Entscheidungsgebet soll den Lesern dabei helfen.

Dieses Traktat eignet sich besonders gut zur Weitergabe an suchende Menschen!

8 Seiten, Best.-Nr. 120-15, Kosten- und Verteilhinweise | Eindruck einer Kontaktadresse


Мен бей­ишке кан­тип кире алам?

Жашоосунун акыры жөнүндө ойлонгон ар бир адамда то­зок, бейиш тууралуу суроо болот.

Жети жашында “Башка планеталык адам” аттуу фан­тас­ти­калык фильмде башкы ролду ойноп, кино жылдызы бо­луп калган америкалык актриса Дрю Бэрримор 28 жашка (1975-жылы төрөлгөн) чыкканда, мындай деген эле: “Эгер мен мышыгымдан мурдараак өлсөм, менин күлүмдү ага жегизгиле. Бир аз болсо да, мышыктын ичин­де жашап турайын”. Өлүм тууралуу ушундай түр­көй түшүнүктө болуу кандай коркунучтуу!

Жердеги кызматы учурунда Ыйсага көп адамдар жар­дам сурап келишчү. Алардын муктаждыктарынын дээр­лик бардыгы күнүмдүк жашоого байланыштуу болчу, мисалы:

  • Пес оорулуу он адам айыгууну каалаган (Инжил, Лука 17:13);
  • Сокурлар көрүүнү каалашкан (Инжил, Матай 9:27);
  • Мурас бөлүштүрүү маселесинде бир адам Ый­­са­­дан жардам күткөн (Лука 12:13,14);
  • Фарисейлер Ыйсаны сөзүнөн кармоо үчүн, Рим па­ды­шасына салык төлөө туура же туура эмес экенин билүүнү каалашкан (Матай 22:17).

Бейишке кантип кирүү керектигин билүү үчүн, Ыйсага аз эле адам кайрылган. Бир бай, жаш жигит Андан мын­дай деп сураган: “Жакшы Устат! Түбөлүк өмүргө ээ болуш үчүн, эмне кылышым керек?” (Лука 18:18). Ыйса ага колунда болгон нерсесинин баарын, жү­рөгү байланган нерселердин баарын сатып, Өзүнүн артынан ээрчүү керектигин айткан. Ал жигит өтө бай бол­гон­дуктан, бул кеңешти четке каккан. Ошентип, ал бейишке ки­рүү­дөн өз ыктыяры менен баш тарткан. Бейиш жө­­нүндө таптакыр ойлонбогон адамдар да болгон. Би­рок Ыйса менен жолугушкандан кийин, бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүн колдонуп калгандар да болгон. За­кай де­ген адам Ыйсаны жөн эле көргүсү келген. Бирок ал оюндагыдан да чоң нерсеге ээ болгон. Ыйса За­кай­дын үйүнө конокко барганда, ал бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүн алган. Ыйса мындай деген: “Бүгүн бул үйгө куткарылуу келди” (Лука 19:9).

Бейишке кирүү мүмкүнбү?

Жогоруда айтылгандардан улам төмөндөгүдөй жыйын­тык чыгарууга болот:

  • Бейишке кирүү мүмкүн. Бул нерсени билип алган жак­шы. Анткени сиз үчүн, урматтуу окурман, бүгүн Кудай менен элдешип, түбөлүк өмүргө ээ болуу мүмкүнчүлүгү, б.а., бейишке кирүү мүмкүнчүлүгү бар.
  • Бирок кандайдыр бир жакшы иштерди аткаруу ар­кы­луу бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайбыз.
  • Бейишке кирүү үчүн кандайдыр бир даярдык кө­рүү­нүн кереги жок.

Бул тууралуу Кудай Өзү эмне дейт? Бейишке кирүү үчүн, Кудайдын сөздөрүнө негизделбеген аракеттерди кылсак, туура эмес кылган болобуз. Бир ырчы көп жыл­дар бою циркте иштеген клоун жөнүндө мындай деп ырдаган: “Ал сөзсүз бейишке кирет, анткени адамдарга кубаныч тартуулаган”.

Бир бай аял 20 жакыр аял үчүн бекер жашай турган үй курдуруп, ал аялдарга төмөн0дөгүдөй шарт койгон: “Ме­нин жанымдын куткарылышы үчүн, күнүнө бир саат сыйынышыңар керек”.

Чындыгында, биз бейишке кантип кире алабыз?

Бул суроого так жана ачык жооп берүү үчүн, Ыйса төмөндөгү үлгү-насаат аңгемени айткан. Инжил ки­те­бин­де чоң той (той бейишке салыштырылат) өткөрмөкчү болгон бир киши (киши Кудайга салыштырылат) туу­ра­луу айтылат. Ал көп адамдарга чакыруу кагаздарын таратат. Бирок сүйлөшүп алгансып, баары тең кечирим сурай баш­та­шат. Алардын бири ага: “Мен жер сатып алдым эле, аны барып көрүшүм керек...” – десе, экин­чиси: “Мен он өгүз сатып алдым эле, ошолорду сынап көр­гөнү барам...” – дейт, үчүнчүсү болсо: “Мен жаңы эле үйлөндүм, ошондуктан бара албайм”, – деп жооп бе­рет.

Ыйса үлгү-насаат аңгемесин чакыруучунун сөзү ме­нен аяктайт: “...силерге айтып коёюн, мурунку ча­кы­рыл­ган­дардын эч кимиси менин кечки тамагымдан даам татпайт” (Лука 14:24).

Бейишке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ боло аларыбызды же аны жоготуп коё аларыбызды ушул нерседен ачык көрүгө болот. Биздин тагдырыбыз эки нерсеге бай­ла­ныштуу чечилет: чакырууну кабыл алабыз же четке кагабыз. Мындан өткөн жөнөкөй жол болобу? Көп адамдардын бейишке кирбей калышы кандай жол менен барууну билишпегендигинен эмес, чакырууну ка­был алышпагандыгынан. Үлгү-насаат аңгемедеги ча­кы­рык­ты кабыл албай, тойго келбей койгон адам­дардай болбошубуз керек. Бирок той аларсыз де­ле өттү! Чакырылгандардын тойго келбей тургандыгын билгенден кийин, үй ээси чакыруу кагазын бардык адам­дар­га таратты. Ал чакыруу кагазын мурдагыдай кылып кооз­доп жасаган жок, “Келиңиз!” деген эле жөнөкөй сөз жазып койду. Бул чакырыкты кабыл алган ар бир адам тойдон орун алмак. Анан эмне болду? Адамдар агы­лып келе башташты. Бир канча убакыттан кийин үй ээси конок үйдө отурган адамдарды карап, дагы бош орундар бар экенин көрдү да, кулдарына мындай деди: “Баргыла, дагы чакыргыла!”

Бул үлгү-насаат аңгеме биздин бугүнкү абалыбызды ча­гыл­ды­рып турат. Бейиште дагы бош орундар бар. Кудай сизге мындай дейт: “Кел, бейиштен өзүңө орун ээлеп кой. Акылдуулук кылып, бүгүн эле өзүңө бейиштен орун алып кой!”

Бейиш сүрөттөлүп бере алгыс ажайып кооз бол­гон­дук­тан, Ыйса аны эң чоң тойго салыштырат. Инжил китебинде бейиш жөнүндө мындай деп жазылган: “Кудай Өзүн сүйгөндөргө көз көрбөгөн, кулак укпа­ган, адамдын оюна да келбеген нерсени даярдап кой­гон” (1 Корунттуктар 2:9). Жер бетинде бейишке са­лы­штыр­гыдай эч нерсе жок.

Бейиштин канчалык сонун экендигин биз элестете да албайбыз! Бейиш ченемсиз баалуу болгондуктан, бул мүмкүнчүлүктү коё бербешибиз керек. Кудайдын Уулу Ыйса биз үчүн бейишке эшик ачты. Эми бардыгы биздин каалообузга жараша чечилет. Ким үлгү-насаат аңгемедеги үч кишиге окшош болсо, ал чакырыкты ка­был албайт.

Адамзатты Ыйса Теңир гана куткара алат

Инжил китебинен төмөндөгү маанилүү сөздөрдү окуйбуз: “Теңирдин (Ыйсанын) ысымын чакырган ар бир адам куткарылат!” (Элчилердин иштери 2:21). Бул – Инжилдеги эң маанилүү аят. Элчи Пабыл менен Сы­лас Ыйсага ишенишкендиги үчүн Филипи шаарында түр­мө­дө отурушканда, түрмө сакчысы менен сүйлөшүшкөн. Алар ага мындай дешкен: “Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо өзүң да, үйүңдөгүлөр да куткарылат” (Элч.иш. 16:31). Кыска жана так айтылган бул сөз адамдын жа­шо­осун өзгөртө алат. Ошол эле түнү түрмө сакчысы Кудайга кайрылып, түбөлүк өмүргө ээ болгон.

Ыйса эмнеден куткара алат? Ал түбөлүктүү тозоктон куткарат! Биз муну сөзсүз билишибиз керек. Ыйык Жа­зуу­да бейиштин да, тозоктун да түбөлүктүү экен­диги айтылган. Бейиште эң сонун, ал эми тозокто кор­ку­нуч­туу. Бул экөөнөн башка жер жок! Өлгөнүнө 5 мүнөт болгондон кийин, эми баары бүттү деп, эч ким айта ал­байт. Бардык нерсе Ыйса Машайак аркылуу чечилет. Биздин кайда болорубуз Ага жана Аны менен болгон мамилебизге көз каранды.

Бир жолу мен Польшага лекция окуганы барганда, мур­да­гы концентрациялык лагерь Освенцимге (Польшадагы концентрациялык лагерлер жайгашкан жер) бардым. Ата мекендик согуш учурунда ал жерде коркунучтуу окуя­лар болгон. 1942-жылдан 1944-жылга чейин ал жерде 1,6 миллион адам, көбүнчө эврейлер газ менен ууландырылган жана тирүүлөй өрттөлгөн. Адабиятта ал “Освенцим тозогу” деп айтылат. Топтун жетекчиси бизге 600дөй адамдын бир убакта өлтүрүлгөндүгү жөнүндө айтып жатканда, мен бул аталыш тууралуу ой жүгүрттүм. Бул чындап эле тозок болгонбу?

Биз бүгүнкү күндө ошол газ бөлмөлөрдү карап чыга ала­быз, анткени 1944-жылдан бери ал жерде эч ким ууландырылып өлтүрүлбөйт. Освенцимдеги газ бөлмөсү убактылуу эле болгон, ал эми тозок түбөлүктүү.

Освенцимдеги музейдин кире беришиндеги бир сүрөткө көзүм кадалды. Ал айкаш жыгачка кадалган Ыйсанын сү­рөтү эле. Туткунга түшкөн бир адам дубалга өзүнүн үмүтүн мык менен тартыптыр. Ошол сүрөтчү да ушул газ бөлмөсүндө өлгөн. Бирок ал Куткаруучу Ыйсаны бил­ген. Ал коркунучтуу жерде өлгөн, бирок ал үчүн бейиш ачык болгон. Инжилде Ыйса Теңир тозоктон качышы­быз керек экендигин эскертет (мисалы: Матай 7:13; 5:29-30; 18:8). Тозокко түшкөндөн кийин, кутулуп чыга албайсың, ошол жерде түбөлүккө калып кыйналасың. Освенцимге салыштырмалуу тозок түбөлүк “иштейт”, ал жакка убактылуу саякатка барып келүү мүмкүн эмес.

Бейиште да түбөлүк жашоо бар. Кудай бизди ошол жак­ка алып барууну каалайт. Ошондуктан Кудайга келиңиз! Теңирдин ысымын чакырып, бейиштен алдын ала орун алып коюңуз!

Бир жолу лекциядан кийин бир аял мындай деп су­ра­ды: “Бейиштен алдын ала орун алып койсо болобу? Бул нер­се саякат бюросуна окшош экен”. Мен анын айтканына кошулдум: “Ким алдын ала орун алып койбосо, ал мак­сатына жетпейт. Сиз Гавай аралдарына баргыңыз келсе, сөзсүз билет аласыз да”. Ал мындай деп жооп бер­ди: ”Бирок билетке акча төлөө керек да?!” “Албетте, бейишке барыш үчүн да билетке акча төлөшүңүз ке­рек! Бирок ал билет өтө кымбат тургандыктан, аны эч ким төлөй албайт. Бейишке барууга күнөө тоскоолдук кы­лат. Анткени Кудай бейишке эч бир күнөөнү киргизбейт. Бул жашоосу бүткөндөн кийин, өмүрүн бейиште, Кудайдын жанында өткөрүүнү каалаган адам адегенде күнөө­сү­нөн арылышы керек. Бизди күнөөсү жок, адам болуп жер­ге келген Ыйса Машайак гана күнөөдөн арылта алат. Ал биздин күнөөлөрүбүздүн кунун Өзүнүн каны жана айкаш жыгачтагы өлүмү аркылуу төлөгөн”.

Бейишке кириш үчүн эмне кылышым керек?

Кудай ар бирибизди Өзү тартуулаган куткарылууну кабыл алууга чакырат. Ыйык Жазуунун көп жеринде Ку­дай­дын чакыруусуна жооп беришибиз керек экен­диги тууралуу жазылган:

  • “Тар эшиктен кирүүгө аракеттен­гиле!”
    (Лука 13:24).
  • “Тобо кылгыла! Анткени Асман Падышачы­лыгы жакындап калды” (Матай 4:17).
  • “Тар дарбаза аркылуу киргиле. Анткени кең дарбаза менен кенен жол өлүмгө алып барат, ал жолдо бара жаткандар көп. Ал эми тар дарбаза менен тар жол өмүргө алып барат, ал жолду тапкандар аз” (Матай 7:13-14).
  • “Түбөлүк өмүрдү бек тут, анткени сен ошого чакырылгансың” (1 Тиметей 6:12).
  • “Теңир Ыйса Машайакка ишен, ошондо кут­ка­ры­ласың” (Элч.иш. 16:31).

Бул чакырыктардын баары абдан таамай, так ай­тыл­ган жана олуттуулукту, чечкиндүүлүктү, кийинкиге калтырбоо милдетин талап кылып турат. Бул ча­кы­рык­ка туура жооп болжол менен төмөндөгүдөй сыйынуу менен коштолушу керек:

“Ыйса Теңир, мен бүгүн Сен аркылуу гана бейишке чы­га аларымды окудум. Мен Сени менен чогуу бе­йиш­те болгум келет. Күнөөлөрүмдүн айынан тү­шө турган тозоктон мени куткара көр. Сен мени сүйгөн­дүктөн, мен үчүн айкаш жыгачта өлгөнсүң жана менин күнөөлөрүм үчүн жазалангансың. Сен ме­нин бала кезимден берки күнөөлөрүмдүн баарын би­ле­сиң. Сага менин азыр мойнума алып жаткан күнөөлөрүм да, эчак унутуп койгон күнөөлөрүм да бел­ги­лүү. Сен менин ойлорумду да билесиң. Сенин ал­дың­да мен ачылып турган китептеймин. Мен азыркы абалым менен бейишке кире албайм. Менин күнөөлөрүмдү кечире көр, аларды кылганыма өкү­нөм. Менин жүрөгүмө кирип, бейишке кирүүгө тоскоол бо­луу­чу нерселердин баарынан тазалачы. Жаман адаттарымдын баарын Сенин алдыңа алып келем, мени алардан арылтып, Өзүңө жаккан адаттарды берчи, суранам. Сенин сөзүңдө – Тоорат, Забур, Ин­жил­ди (Библияны) түшүнүүгө тунук акыл бере көр. Ки­те­биң аркылуу мага эмнени айткың келерин түшүнүүгө жар­дам берчи, Сага жаккан нерсени кылууга даяр жүрөк берчи. Ушул сааттан баштап менин Теңирим бо­ло көр. Мен Сени ээрчигим келет, жашоомдо Өзүң мага багыт берип тура көр. Сыйы­нуумду уккандыгың үчүн, мен эми Кудайдын баласы бо­луп калгандыгым үчүн жана ке­ле­чек­те Сени менен чогуу бейиште бо­ло тургандыгым үчүн Сага ыраа­зымын. Оомийин”.

Технология илимдеринии доктору, профессор: Вернер Гитт